Би-Би-Синин "100 айым" тизмеси

BBC Дүйнөнүн 100 айымы-2022: бул жылы тизмеде кимдер бар?

100 айым - Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Би-Би-Си 2022-жылга карата дүйнөдөгү шыктандыруучу жана таасирдүү 100 айымдын тизмесин түздү.

Алардын арасында дүйнөлүк музыка феномени Билли Айлиш, Украинанын биринчи айымы Олена Зеленска, актрисалар Приянка Чопра Жонас жана Селма Блэр, "орус эстрадасынын ханышасы" Алла Пугачева, ирандык аскага чыгуучу Элназ Рекаби, секирүү боюнча рекорд койгон спортчу Юлимар Рохас жана ганалык жазуучу Нана Даркоа Секьяма бар.

Бул "100 айымдын" онунчу сезону - биз акыркы он жыл ичинде аялдар кандай жетишкендиктерге жеткенин изилдеп чыктык. Аялдардын укуктары үчүн алдыга зор кадамдар (аял лидерлердин санынан "Мен дагы" (MeToo) кыймылына чейин) жасалганы менен дүйнөнүн көптөгөн булуң-бурчтарындагы аялдар үчүн чече турган дале көп маселе бардай сезилет.

Тизме 2022-жылы дүйнө жүзү боюнча чыр-чатактын чордонунда жүргөн аялдардын ролун чагылдырат - Ирандагы өзгөрүүлөрдү талап кылган демонстранттардан баштап, Украинадагы согуштун аялдык жүзүнө чейин. Быйыл биринчи жолу мурунку "100 айымдын" тизмесине киргендерди 2022-жылкы тизме татыктууларды сунуштоону да сурандык.

Саясат / Билим берүү

Маин Аль-Обайди

Маин Аль-Обайди, Йемен

Жактоочу

Быйыл Йеменде жарандык согуш күчөгөндүктөн адвокат Маин Аль-Обайди курчоого алынган Таиз шаарында тынчтык орнотууга көмөк көрсөтүүнү улантууда. Ал чырдашкан тараптардын ортосунда туткундарды алмашууда ортомчу болууда. Жактоочу согушкерлерди үй-бүлөлөрүнө дайыма эле тирүү кайтара албаса да жок дегенде алардын сөөгүн алып келүүгө аракет кылат.

Ал Йемен Аялдар биримдигинде ыктыярчы болуп, камактагы аялдарды коргогон. Ошондой эле Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча комитетти көзөмөлдөгөн Юристтер синдикатынын кеңешине кирген биринчи аял болгон.

Фатими Амири

Фатими Амири, Ооганстан

Студент

Ооган өспүрүм Фатима Амири Кабулдагы окуу борборундагы жанкечтилик кол салууда аман калгандардын бири - анда 50дөн ашуун киши каза болгон, көбү студент кыздар. Ал жарадар болуп, көзүн жоготкон жана жаагы менен кулагы катуу жабыркаган.

Айыгуу маалында ал университетке тапшырып, экзаменде 85%дан ашуун балл алган. Азыр анын кыялы Кабул университетинде информатика боюнча окуу. Фатими кол салууда көзүнөн ажырап калуу аны күчтүүрөөк жана чечкиндүү кылганын айтат.

Таисия Бекбулатова

Таисия Бекбулатова, Орусия

Журналист

Белгилүү орусиялык журналист Таисия Бекбулатова 2019-жылы "Холод" көз карандысыз маалымат каражатын негиздеген. Уюм Украинадагы согуш тууралуу кеңири баяндап, ошондой эле теңсиздик, зордук-зомбулук жана аялдардын укуктары тууралуу макалаларды жарыялап келет. Орусиянын бийлиги бул веб-сайтты апрелде жаап салган - анда дээрлик бардык көз карандысыз маалымат каражаттарын куугунтукка учураган.

Буга карабастан Бекбулатова жана анын командасы ишин улантууга убада берип, басылманын окурмандары көбөйдү. 2021-жылы "чет элдик агент" деген наам ыйгарылгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен Бекбулатова фронттон согуш тууралуу репортаж берүү үчүн Украинага өзү барган.

Мен прогресс өзү менен өзү боло берет деп ишенбеймин. Заманбап цивилизация дайыма морт жана оңой эле жок болуп көрүнгөн. Ал эми аялдардын укуктары көбүнчө биринчи болуп жок кылынат.

Таисия Бекбулатова

Натали Бекварт

Натали Бекварт, Ватикан

Кечил

Рим папасы Франциск аны Епископтор Синодунун катчысынын орун басары кылып дайындаган соң ал бул кызматтагы алгачкы аял болду. Ал папага католик чиркөөсү үчүн маанилүү маселелер боюнча кеңеш берген бир катар лидерлердин бири, ошондой эле добуш берүү укугу бар жалгыз аял. Аталган органдын башкы катчысы 2021-жылы анын дайындалышы аялдар үчүн “эшик ачылганын” көрсөткөнүн айткан.

Буга чейин, Ксавьер жыйынынын француз кечили Франциядагы Жаштарды жана кесиптерди жакшыртуу боюнча Улуттук кызматтын биринчи аял директору болуп иштеген.

Рим папасы Франциск айткандай, аялдарга карата "ар кандай дискриминацияга жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү - адилеттүүлүктүн милдети"... Биз биргелешип, бардык деңгээлдеги жетекчилик кызматтарга көбүрөөк аялдарды тартуу үчүн ар кандай колдоо көрсөтүшүбүз керек.

Натали Бекварт

Кристина Бердинских

Кристина Бердинских, Украина

Журналист

Атактуу журналист Кристина Бердынских Украинадагы согуш маалында өз өлкөсүн кыдырып, Орусиянын аткылоосуна кабылган аймактардан репортаж берип келген. Анын айрым иштери аткылоого кабылган шаардагы күнүмдүк турмуштун майда-чүйдөсүнө багытталган.

Херсондо туулган Бердинских 14 жыл Киевде саясий журналист, ошондой эле "Новое Время" журналында жана ар кандай телерадио долбоорлорунда иштеген. Ал Украинадагы Евромайдан ыңкылабынын катышуучулары тууралуу e-People аталыштагы социалдык медиа долбоорун негиздеген - кийинчерээк китепке айланды.

Захра Жойя

Захра Жойя, Ооганстан

Журналист

Талибандын бийлиги астында алты жыл бою Захра Жойя "Мухаммед" болуп, мектепке баруу үчүн эркек баладай кийинген. 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр талибдерди кулатканда ал Захра катары мектепке кайтып келген. Ал 2011-жылы журналист болуп иштей баштаган, көп учурда редакцияда жалгыз аял кабарчы болчу.

Ал талибдер таш бараңга алган 19 жаштагы кыздын аты менен аталган Rukhshana Mediaнын негиздөөчүсү - ал Ооганстандагы алгачкы феминисттик маалымат агенттиги. Жойя 2021-жылы Ооганстандан эвакуацияланган жана азыр Улуу Британиядагы сүргүндө жүргөн Rukhshana Media компаниясын жетектейт. 2022-жылы ал Гейтс Фондунун Changemaker Award сыйлыгын жеңип алган.

Мен сөздүн жумшак күчүнө ишенем. Биз аялдарга карата адилетсиздик жөнүндө айтышыбыз керек.

Захра Жойя

Назанин Загари-Рэдклифф

Назанин Загари-Рэдклифф, Улуу Британия / Иран

Кайрымдуулук кызматкери

"Эч ким кылбаган иши үчүн барымтада же түрмөдө калбашы үчүн дүйнө биригиши керек", - деп британ-ирандык Назанин Загари-Рэдклифф мартта ирандык бийликтер тарабынан бошотулгандан кийин айткан. Анын күйөөсү Ричард британ өкмөтүн аны бошотууга көмөк көрсөтүп, Иран менен болгон тарыхый карыз талашын чечүүгө түрткөн кампанияны жүргүзгөн.

Назанин 2016-жылы Иранда кызы менен эс алып жүргөндө өзүм билемдик менен кармалып, иран бийлиги британ өкмөтүнө кысым көрсөтүү үчүн "дипломатиялык күрөө" катары барымтага алган. Ал алты жыл камакта болуп, башында Революциялык сот тарабынан "Иран режимин кулатууга аракет кылган" деп айыпталган. Анын биринчи өкүмү 2021-жылы аяктаганда, ага экинчи өкүм чыгарылып, дипломатиялык макулдашууга жеткенге чейин Иранда кармалып турган. Загари-Рэдклифф бардык айыптоолорду четке кагып, күйөөсү менен мемуар жазып жатат.

Олена Зеленская

Олена Зеленская, Украина

Украинанын биринчи айымы

Ийгиликтүү телесценарист Олена Зеленская 2019-жылы, күйөөсү Владимир Зеленский Украинанын президенти болгондон кийин, дүйнөлүк аренага чыкты. Биринчи айым катары ал аялдардын укуктарын жакшыртуу жана украин маданиятын жайылтуу үчүн иштеп келет.

Орусиянын кол салуусунан кийин ал өзүнүн платформасын украин элинин азап-кайгысын чагылдыруу үчүн колдонууда. Зеленская АКШ Конгрессинде сөз сүйлөгөн биринчи чет элдик президенттин аялы болду. Ал азыр согуштан жабыркаган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн психикалык ден соолугуна колдоо көрсөтүү менен алек.

Аялдар тынчтык мезгилине салыштырмалуу азыр чоң жоопкерчиликти алышты... Муну (согуш) башынан өткөргөн аял эч качан артка кадам таштабайт. Ал эми биздин ички ишенимибиз артат деп ишенем.

Олена Зеленская

Ченг Йен

Ченг Йен, Тайвань

Филантроп

Дхарма мастери Ченг Йен заманбап Тайвандык буддизмдин өнүгүшүндө эң зор салым кошкон инсандардын бири. Ал гуманитардык Цзы Чи фондунун негиздөөчүсү - айрымдары аные "Азиядагы Тереза эне" деп атайт.

Ал уюмду 1966-жылы негиздеген - анда болгону 30 үй кожойкеси муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн акча чогулткан. Ошондон бери ал дүйнө жүзү боюнча миллиондогон тарапташка ээ болуп, эл аралык жана медициналык жардам көрсөтүп, мектептер менен ооруканаларды иштетип келет. Ченг Йен 85 азыр жашта. Ал эми шакирттери кайрымдуулук акцияларын улантып, жакында эле согуш жүрүп жаткан Украинадан келген качкындарга каржылык жана материалдык жардам көрсөтүштү.

Мария Фернанда Кастро Майя

Мария Фернанда Кастро Майя, Мексика

Майыптардын укугун коргогон активист

Интеллектуалдык жактан майыптыгы бар аял катары Фернанда Кастро өзү сыяктуу башкалардын саясатка аралашуусу үчүн күрөшөт. Ал Human Rights Watch тарабынан колдоого алынган майыптардын укуктарын коргоочулар тобуна кирет жана Мексикадагы бардык саясий партиялардан интеллектуалдык жана окуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды саясатка киргизүүнү суранат.

Ал саясий чечимдерге тиешелүү документтердеги тилди жеткиликтүү кылуу, саясий партиялар жана шайлоо иш-чараларына катышуу боюнча иш алып барат. Кастро Бириккен улуттар уюмуна Мексикалык делегациянын курамында барып, майыптардын укуктары боюнча баяндама жасаган. Ошондой эле ал Inclusion International глобалдык тармагынын өкүлү.

Сепидех Колиян

Сепидех Колиян, Иран

Саясий ишмер

Юридикалык факультеттин студенти Сепидех Колиян Ирандын түштүк-батышындагы Хузестан провинциясында жумушчулардын укуктарын коргогону үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал акыркы төрт жылды Ирандын төрт башка түрмөсүндө өткөргөн. 2021-жылдын октябрында Колиян саясий туткундар үчүн негизги жай болгон Эвин түрмөсүнө которулган.

Абакта отурса дагы өз ишин улантып, "адамгерчиликсиз" мамилени сүрөттөгөн аудио тасмасын жөнөтүп жатат. Ал ошондой эле абактагы аялдардын үнүн жеткирип, Ирандын түрмөлөрүндө аялдар башынан өткөргөн "кыйноолор" жана "адилетсиздик" тууралуу китеп жазды.

Шанель Контос

Шанель Контос, Австралия

Сексуалдык макулдук боюнча активист

Сексуалдык катнашты толук макулдук менен жасоону жана сексуалдык билим берүүнү лоббилеген "Бизге макулдукту үйрөткүлө" деп аталган кыймылдын негиздөөчүсү. 2021-жылы Шанель Контос Инстаграмда бир окуяны жарыялап, окурмандарына алар же алар тааныган бирөө мектепте "сексуалдык зомбулукка кабылдыбы" деп сураган. 24 сааттын ичинде 200дөн ашык адам "ооба" деп жооп беришкен.

Ал Австралияда "макулдук боюнча билим берүүнү" эртерээк баштоого чакырган петицияны баштады. Анын өнөктүгүнүн аркасында 2023-жылдан баштап бала бакчадан 10-класска чейин бардык мектептерде "макулдук боюнча билим берүү" милдеттүү болуп калды. Азыр ал адамдарды өнөктөштөрдүн макулдугусуз "презервативди алып салуу же уурдоо" аракетин криминалдаштыруу үчүн үгүттөөдө.

Эва Копа

Эва Копа, Боливия

Саясатчы

Аймара тектүү Эва Копа Боливияда саясатты солкулдатып жатат. Ал өлкөнүн экинчи чоң шаары Эль-Альтонун мэри болуп шайланган (69% добуш менен). Копа жакында шаардын аялдар үчүн планын жарыялады: ал саясат жана инвестиция аркылуу аялдардын укуктарын бекемдөөгө багытталган.

Копа саясатта жаңы адам эмес, ал 2015-2020-жылдары сенатор болгон. Анын бийликчил партия менен бөлүнүшүн көптөр Боливиядагы ар тараптуу саясий ландшафтка карай жылыш катары кабыл алышты.

Бизге көбүрөөк лидер аялдар керек: аялдар чөгөлөп эмес, дайыма бутунда турушу керек.

Эва Копа

Наоми Лонг

Наоми Лонг, Түндүк Ирландия

Саясатчы

Мурдагы юстиция министри Наоми Лонг быйыл Түндүк Ирландияда сексуалдык укук бузуулар - анын ичинде "даун-блузинг", "кибер жаркылдоо" жана "орой секстен коргонууну жокко чыгаруу" - менен күрөшүү үчүн бир катар жаңы мыйзамды киргизди. Өлүм коркунучуна кабылган Лонг ошондой эле аял саясатчылардын куугунтуктоосу тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга аракет кылды.

Кесиби боюнча инженер-куруучу, ал 1995-жылы "Альянс" партиясына кошулган. Белфасттын лорд-мэри болуп иштегенден кийин ал 2010-жылы Вестминстерге шайланган "Альянстын" биринчи депутаты болуп, мурдагы биринчи министр, 30 жылдан бери Вестминстерде отурган Питер Робинсонду кулатты.

Биз кордоону көнүмүш нерсеге айланткан чөйрө менен күрөшүүбүз керек. Бул баарыбыздын түздөн-түз жана ырааттуу түрдө эркектик укукка, сексизмге жана мизогиния маданиятына каршы чыгууну билдирет.

Наоми Лонг

Урсула фон дер Ляйен

Урсула фон дер Ляйен, Германия

Еврокомиссиянын төрайымы

Еврокомиссиянын биринчи аял жетекчиси Урсула фон дер Ляйен - немис саясатчысы. Ал Ангела Меркелдин өкмөтүндө иштеген жана Германиянын биринчи аял коргоо министри болгон.

Ал Брюсселде төрөлгөн. Саясатка келгенге чейин экономика жана медицина тармагында билим алган. Евробиримдиктеги жогорку кызматын 2019-жылы ээлеп, андан бери Brexit, Ковид-19 пандемиясы жана Украинадагы согушту жөнгө салгандардын бири болуп келет. Ал компаниялардын кеңештеринде гендердик тең салмактуулукту талап кылган быйыл кабыл алынган ЕБ мыйзамынын кыймылдаткыч күчү болгон.

Sanna Marin

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин ("100 айым-2020") тарабынан сунушталды

"Европа өлкөлөрү катары менен кризиске кабылган соң Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдигине бул кыйынчылыктарды чогуу жеңүү боюнча укмуштуудай чечкиндүүлүктү көрсөттү. Анын жетекчилиги тайсалдабай келет. Заман кыйын, бирок ал андан да кыйын".

Айеша Малик

Айеша Малик, Пакистан

Судья

Ушул жылы Пакистандын Жогорку сотунун биринчи аял судьясы болуп дайындалган судья Айеша А. Малик аялдардын укуктарын коргогон чечимдердин автору. Ал 2021-жылы зордукталган кыздарга карата "эки манжа" менен "кыздыкты текшерчү тест" өткөрүүгө тыюу салган.

Жогорку Соттогу өзүнүн ролу менен бирге Малик бүткүл дүйнө жүзүндөгү судьялар үчүн тренингдерди өткөрөт. Ал Пакистандагы аял судьялар үчүн конференцияларды ачып, сот адилеттиги системасындагы гендердик маселелерди камтыган талкууларды кубаттады.

Аялдар көз карашын, тажрыйбасын жана окуяларын камтыган жаңы баян куруусу керек.

Айеша Малик

Миа Моттли

Миа Моттли, Барбадос

Премьер-министр

Миа Моттли Барбадостун биринчи аял премьер-министри. Ал январь айында кайрадан жеңишке жетип, экинчи мөөнөткө шайланды. 2008-жылдан бери Барбадостун Эмгек партиясын жетектеп келет. Моттли Кариб деңизиндеги аралды жетектеп жаткан кезде британ королдук үй-бүлөсү менен байланышын үзүүнү чечкен. Монарх мамлекет башчылыгынан алынгандан кийин Барбадос дүйнөдөгү эң жаш республикага айланды.

Моттли климаттын өзгөрүшү тууралуу ачык айтканы менен белгилүү. Ал COP27де бай мамлекеттерди климаттык кризисти жоё албаганы үчүн сындап, эгер эч кандай чара көрүлбөсө, 2050-жылга чейин үйлөрүн таштоого аргасыз болгон бир миллиард климаттык качкын пайда болушу мүмкүн экенин эскертти.

Зара Мохаммади

Зара Мохаммади, Иран

Педагог

"Ножин" социалдык-маданий бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири катары Зара Мохаммади өзүнүн кичи мекени Санандажда күрт тилин үйрөтүүгө он жылдан ашык убакыт арнады.

Ирандын Конституциясында окуу жайларда аймактык жана этникалык тилдерди окутууга тыюу салынган эмес. Бирок юристтер менен активисттер иш жүзүндө андай болбогонун, ошондуктан балдар мектепте эне тилин үйрөнө алышпайт дешет. Иран өкмөтү Мохаммадини "улуттук коопсуздукту бузуу максатында топ түздү" деп айыптап, беш жылга эркинен ажыратты. Ал 2022-жылдын январынан бери камакта.

Роза Салих

Роза Салих, Шотландия

Саясатчы

2022-жылдын май айында Роза Салих Глазго шаардык кеңешине шайланган биринчи качкын болуп калды - ал жаш кыз маалында үй-бүлөсү менен Ирактан качууга аргасыз болгон. Азыр ал Шотландиянын улуттук партиясынын Чоң Поллоктон келген кеңешчиси. Салих өспүрүм кезинен бери качкындардын укуктары үчүн күрөшүп келет (ал классташтары менен досунун камалышына каршылык көрсөтүү үчүн чыккан).

Алардын Glasgow Girls кампаниясы башпаанек издегендер маселесине мамлекеттин көңүлүн бурду. Салих укук коргоочу катары Түркиядагы күрт аймактарын кыдырып, "Шотландиянын Күрдистан менен тилектештигин" түзүүдө.

Симоне Тебет

Симоне Тебет, Бразилия

Бразилиянын Федералдык сенатынын мүчөсү

Өлкөнүн тереңдеп бараткан поляризациясын басаңдатуучу фигура делген центрист бразилиялык сенатор Симоне Тебет быйылкы президенттик жарышта үчүнчү орунду ээледи. Ал 2002-жылы эл өкүлү болуп, 2004 жана 2008-жылдары кичи мекени Трес-Лагоастын мэри болуп шайланган. 2014-жылы ал 52% ашуун добуш менен Сенатка өттү.

Ал Сенаттын эң маанилүү органы деп эсептелген Конституция жана адилеттүүлүк комитетин жетектеген биринчи аял болгон. Тебет - юридика илимдеринин профессору, он жылдан ашык убакыттан бери аялдарга карата зомбулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен комитетти да жетектеген.

Келечек аялдын колунда экенин, аялдын орду каалаган жеринде экенин ар бир адам түшүнүшү керек.

Симоне Тебет

Кисанет Тедрос

Кисанет Тедрос, Эритрея

Билим берүү тармагындагы ишкер

Beles Bubu YouTube каналы - эритреялык балдарга алардын тилин жана маданиятын үйрөтөт, аны контент жаратуучу жана ишкер Кисанет Тедрос негиздеген. Ал Эфиопияда туулуп-өскөн жана жаш кезинен бери тилди түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баалап, өз тамыры менен байланышын сезген.

Анын контент жасаган командасы Эритрея, Уганда жана Конго Демократиялык Республикасынан келген үн жана санариптик сүрөтчүлөрдөн турат. Видеолорду тигринья тилинде сүйлөгөн Эритрея жана Эфиопиядагы ата-энелер балдары менен көрө алышат. Тедрос ошондой эле Уганданын Кампала шаарында качкындар үчүн биринчи Beles Bubu Kids фестивалын уюштурган.

Ибижоке Фабороде

Ибижоке Фабороде, Нигерия

ElectHER'дин негиздөөчүсү

ElectHER аркылуу Ибижоке Фабороде Нигериядагы аялдардын саясий кыймылын колдоп жатат. Анын уюму саясий теңсиздикти жоюу үчүн иштейт жана Африка боюнча эки миңден ашык аялдарды саясатка тартты. #Agender35 кампаниясы менен анын уюму 2023-жылдагы жалпы шайлоодо жергиликтүү же федералдык кызматка ат салган 35 аялды түздөн-түз колдоп, адамдык жана каржылык ресурстар менен камсыз кылууда.

Ал шайлоо маалыматтарын изилдөө үчүн жасалган биринчи африкалык феминисттик мобилдик колдонмонун артында да турат. Учурда Фабород демократиялык процесстерди жакшыртуунун жаңы жолдорун аныктаган Демократия жана маданият фондунун Лидерлик Кеңешинде иштейт.

Эрика Хилтон

Эрика Хилтон, Бразилия

Саясатчы

Бразилиянын Улуттук Конгрессине биринчи жолу шайланган афро-бразилиялык транс аял. Эрика Хилтон расизмге каршы, ЛГБТК+ жана адам укуктары үчүн күрөшкөн активист.

Өспүрүм кезинде анын консервативдүү үй-бүлөсү үйүнөн кууп чыгып, университетке барганга чейин көчөдө жашаган. Студенттик саясатта билими бар Хилтон Сан-Паулуга көчүп барып, солчул PSOL партиясына кошулган. 2020-жылы шаардык кеңешке шайланган соң Бразилиянын эң ири шаарында ачарчылыкка каршы муниципалдык фондду ишке киргизген мыйзамдын автору болгон.

Биз тең укуктар үчүн күрөшөбүз: биз кара, латын, ак, кедей, бай, цис же трансгендер болобузбу бирдей эмгек акыга татыктуубуз жана гендердик зомбулукка чекит коюушубуз керек.

Эрика Хилтон

Пак Жи Хён

Пак Жи Хён, Түштүк Корея

Саясий реформатор

Университетте окуган кезинде Пак Жи Хён Түштүк Кореядагы "Nth бөлмөлөрү" деп аталган сексуалдык кылмыштуулук боюнча эң чоң онлайн шакекчелердин бирин жок кылууга жашыруун түрдө жардам берген. Быйыл ал өзүнүн тажрыйбасын ачыктап, саясатка киришкенде жаш шайлоочуларга кайрылды.

Демократиялык партия президенттик жарышта утулуп калганда, Пак Жи Хён убактылуу лидер болгон. Ал ошондой эле санариптик сексуалдык кылмыштар менен күрөшүүгө багытталган аялдар комитетинин мүчөсү болгон. Июнь айында партия дагы жоготууларга учурап, ал отставкага кеткен. Учурда анын расмий ролу жок болушу мүмкүн, бирок ал дагы эле саясатта гендердик теңчиликке умтулууда.

Дүйнөлүк деңгээлде санариптик сексуалдык кылмыштар аялдардын укуктарына коркунуч келтирет. Биз бул көйгөйдү тилектештик менен чечишибиз керек.

Пак Жи Хён

Жой Нгози Эзейло

Жой Нгози Эзейло, Нигерия

Юридика илимдеринин профессору

Нигерия университетинин юридикалык факультетинин ардактуу деканы жана Бириккен улуттар уюмунун адамдарды сатуу боюнча мурдагы атайын баяндамачысы катары Жой Эзейло эл аралык адам укуктары тармагындагы алдыңкы адис болуп саналат.

Ал акыркы 25 жылда Нигерияда жабыркаган 60 миңдей аялдарга акысыз юридикалык жардам көрсөткөн жана баш калкалоочу жай менен камсыз кылган Аялдарга жардам көрсөтүү жамаатынын (WACOL) негиздөөчү директору. Ал ошондой эле зордук-зомбулукка кабылган аялдарга ыкчам жооп берүү үчүн Tamar Sexual Assault Referral Centre борборун негиздеген.

Chimamanda Ngozi Adichie

Жазуучу Чимаманда Нгози Адичи ("100 айым-2021") тарабынан сунушталды

"Профессор Эзейло жакырларга, айрыкча укуктары бузулган аялдарга жана кыздарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү менен көптөгөн адамдардын жашоосуна таасирин тийгизди".

Маданият / Спорт

Билли Айлиш

Билли Айлиш, АКШ

Ырчы

"Грэмми" сыйлыгынын лауреаты жана рекорд койгон супержылдыз Билли Айлиш өзүнүн музыкасы аркылуу актуалдуу маселелерге көңүл буруп келет - жашы жете элек кыздарга зомбулук көрсөткөндөргө каршы чыккан Your Power ырынан тартып, климаттын өзгөрүшү жөнүндө All The Good Girls Go To Hell ырына чейин.

Быйыл Билли Гластонбериде өткөн концертте АКШнын Жогорку Сотунун аборт жасоо конституциялык укугун чектеген чечимине каршы билдирүү жасаган эң жаш хедлайнер болуп тарыхта калды. Ал буга чейин дененин образы, депрессия мезгили жана Турет синдрому менен жашоо жөнүндө ачык айтып келген.

Биз азыр жашап жаткан заманга кубанам. Аялдар эң башында. Белгилүү бир мезгилде үмүтсүздүктүн чуңкурунда болгонмун, анткени мендей олуттуу кабыл алынган кыздар буга чейин жок болчу.

Билли Айлиш

Дима Актаа

Дима Актаа, Сирия

Жөө күлүк

2012-жылы Дима Актаанын Сириядагы үйү бомбаланган. Ал бутунан айрылып, чуркай албай калган. БУУнун маалыматы боюнча, сириялыктардын болжол менен 28 пайызынын майыптыгы бар - бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп. Он жылдан кийин Актаа Улуу Британияда өтө турган 2024-жылкы Паралимпиадага катышуу үчүн машыгып жүрөт.

Пандемия учурунда качкындар үчүн акча чогулткандан кийин, ал Англиянын Lionhearts альтернативалык футбол командасынын курамына кирди. Анын окуясы жакында поп-жылдыз Энн-Маринин Beautiful аталыштагы музыкалык клибинде чагылдырылган. Актаа мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күчү жөнүндө маалымдоону улантууда.

Зар Амир-Эбрахими

Зар Амир-Эбрахими, Иран

Актриса

Актриса жана кинорежиссер Зар Амир-Эбрахими быйыл секс-кызматчыларды бутага алган сериялык киши өлтүргүчтүн чыныгы окуясына негизделген “Ыйык жөргөмүш” тасмасындагы ролу үчүн Канндагы "Эң мыкты актриса" наамын алган биринчи ирандык болду.

Амир-Эбрахими жеке жашоосу тууралуу каралоо кампаниясына дуушар болгондон кийин куугунтуктан качуу үчүн Ирандан кетүүгө аргасыз болгон. 2008-жылы ал Парижге көчүп келип, Alambic Production продюсердик компаниясын негиздеген. Эми ал камеранын алдында да, артында да белгилүү карьерасын улантууда.

Селма Блэр

Селма Блэр, АКШ

Актриса

Поп-маданият классикасы деп эсептелген Cruel Intentions, Legally Blonde жана Hellboy франшизасындагы ролдору менен белгилүү болгон Селма Блэр - америкалык кино жана телеактрисасы.

2018-жылы ага склероз деген диагноз коюлган. Ал бул оору жөнүндө маалымдуулукту жогорулатып, дарылануудангы кыйынчылыктар жөнүндө ачык айтып бергени үчүн мактоого татыктуу. Быйыл ал өзүнүн Mean Baby аталыштагы мемуарын чыгарды. Ошондой эле колдонууга оңой жана баарына ыңгайлуу болгон эргономикалык косметиканы жасаган мейк-ап бренди менен иштеше баштады.

Мен кыйынчылыкты башынан өткөргөн аялмын. Менин күчүм оңой эле жок болуп кетиши мүмкүн эле, бирок мен башка аялдардын колдоосу менен бул жердемин.

Селма Блэр

Эсраа Варда

Эсраа Варда, Алжир / АКШ

Бийчи

Теги алжирдик Эсраа Варда салттуу алжир бийин конок бөлмөсүнөн коомчулукка алып чыккан маданий жоокер. Ал түндүк африкалык аялдар жетектеген бий салттарын сактоону жактайт, өзгөчө көңүлдү социалдык нааразычылык менен байланыштырган raï жанрына бурат.

Ал диаспорадагы салттуу raï'дын саналуу устаттарынын бири Чейха Рабиянын тарбиялануучусу. Варда гастролдо жүргөн сүрөтчү жана педагог. Анын спектаклдери жана мастер-класстары Вашингтондон Лондонго чейин көрсөтүлгөн.

Велия Видал

Велия Видал, Колумбия

Жазуучу

Колумбиянын Эль-Чоко аймагынан келген жомокчу жана маданиятты жайылтуучу Велия Видал биргелешкен окууларды жакшы көрөт. Ал окууну жана сабаттуулукту, ошондой эле Чоконун уникалдуу маданиятын жайылткан Motete уюмунун негиздөөчүсү. Мындан сырткары ал адабиятты Колумбиянын эң алыскы аймагындагы теңсиздик жана расизм менен күрөшүүнүн куралы катары көрүп, Chocó окуу жана жазуу фестивалын уюштурат.

Анын жакында Aguas de Estuario аталыштагы жарык көргөн китеби Колумбиянын Маданият министрлигинин афро-колумбиялык авторлорго багытталган гранттын биринчи жеңүүчүсү болду. Ал Британ музейи менен биргелешип иш алып барган Afluentes долбоорунун изилдөөчүсү.

Биз азыр аялдар тарыхта кандай кысымга кабылганын жана аны оңдоо зарылдыгы бар болгонун жакшыраак түшүнө баштадык, бирок расизм афро жана түпкү элдерге карата бул зулумдарды кантип тереңдетип жатканын түшүнө албай жатабыз.

Велия Видал

Унс Жабир

Унс Жабир, Тунис

Теннисчи

2022-жылы Уимблдон чемпионатында тарыхый оюн көрсөткөндөн кийин тунистик теннис жылдызы Унс Жабир Ачык доордо "Чоң шлемдин" финалына чыккан биринчи араб/африкалык аял болду. Бир нече ай өткөндөн кийин, ал US Open финалына чыкты.

28 жаштагы спортчу үч жашында теннис ойной баштаган. Ал Аялдардын теннис ассоциациясынын (WTA) рейтингинде экинчи орунга чыкты - бул африкалык/араб (эркек жана аялдардын арасында) оюнчулар үчүн тарыхтагы эң жогорку позиция. Жабир карьерасында үч байге жеңди, ал оюнчулардын жаңы муунун шыктандырат.

Снеха Жавале

Снеха Жавале, Индия

Социалдык кызматкер

Снеха Жаваленин ата-энеси 2000-жылы декабрда көбүрөөк сеп берүү талабын аткара албай калып, күйөөсү ага керосин чачып, өрттөп жиберген. Үй-бүлөсү полицияга арыз жазган эмес. Күйөөсү уулун алып кеткенден кийин, ал Таро карталары менен иштеп, сценарист катары жашоосун кайра курууга чечкен, анткени бул жумушта адамдар анын жүзүн көрбөйт.

Жавале, азыр социалдык кызматкер. 2012-жылы аны "Нирбхая" аттуу театралдык оюнда ойноону чакырышкан. Бул спектакль Делиде топтошуп зордукталган кыздын аты менен аталган жана зордук-зомбулуктан аман калгандардын тажрыйбасына негизделген. Дүйнөдөгү көрүүчүлөрдүн астында концертке чыгуу анын коркуу сезимин жеңүүгө жардам берди.

Акыркы 10 жылдын ичинде күйүккө жана кислотадан жабыркагандарга коомдун мамилеси өзгөрдү. Мен өзүмдү “Дүйнө сулуусу” же “Аалам сулуусу” деп эсептебейм. Мен сулуумун дейм, ошондоймун.

Снеха Жавале

Рима Жуффали

Рима Жуффали, Сауд Арабия

Автожарышчы

2018-жылы Рима Жуффали Сауд Арабиянын биринчи профессионал аял автожарышчысы болуп тарыхта калды. Бул жылы ал International GT Open мелдешине катышуу жана Сауд Аравиянын автожарыштарга катышуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн өзүнүн Theeba Motorsport командасын негиздеген. Кесипкөй айдоочу командасы аркылуу спорттун ар түрдүүлүгүн жакшыртуу үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жана программаларын түзүп келет.

Дүйнөдөгү башка жарышчылар үчүн үлгү болгон Жуффали дагы бир мелдешке - Theeba Motorsport менен 24 сааттык престиждүү Ле-Ман жарышына катышууга үмүттөнөт.

Коомдо аялдар үчүн көптөгөн стереотиптер сакталып турат. Маанилүү жана туруктуу өзгөрүүлөр болушу үчүн колдоо үйдөн, ошондой эле коомдон болушу керек.

Рима Жуффали

Она Карбонелл

Она Карбонелл, Испания

Сууда сүзүүчү

Испаниялык Она Карбонелл эне жана синхрондуу сүзүүчү болуу - бул кадимкидей көрүнүш деген кампания жүргүзүүдө. Олимпиалык спортчу жалпы 30дан ашуун медал багындырган (анын ичинде Олимпиаданын күмүш жана коло медалдары бар).

Ал 2020-жылы биринчи баласын төрөп, Токио Олимпиадасына баруу үчүн машыгып баштаган. Спортчу иш-чарада баласын эмизүүгө чектөө койгон эрежелерге нааразычылыгын билдирген. Быйыл ал экинчи жолу эне болду. Ал башка спортчу айымдарга эне болуу спорт менен шайкеш келерин көрсөтүү үчүн даректүү тасмада өз окуясын айтып берген.

Кадри Кеунг

Кадри Кеунг, Гонконг

Модельер

Карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн эстетикалык жактан жагымдуу кийимдерди долбоорлоо - Кадри Кеунг үчүн кумар. Ал 2018-жылы апасы Офелия Кеунг менен RHYS адаптивдик мода брендин негиздеген. Алар Кадринин чоң апасына кам көрө баштаганда улгайган адамдар үчүн кийимдер көбүнчө стили жана функционалдуулугу жок экенин түшүнүшкөн.

Кийим дизайнери катары Кеунг өзүнүн билимин кардардын муктаждыктарына дал келген кийимдерди жасайт. Анын бренди 90 аз камсыз болгон аялдарды, анын ичинде майыптарды окутуп, жумуш менен камсыз кылган. 2022-жылы Кеунг модалуу, функционалдык буюмдарды жайылтуучу Boundless брендин ишке киргизди.

Ми Гён (Мики) Ли

Ми Гён (Мики) Ли, Түштүк Корея

Продюсер

Искусствонун жалындуу жактоочусу катары Мики Ли Кореянын маданий толкунунун башында турат. Ал K-pop'тун глобалдык ийгилигинин кыймылдаткыч күчү жана KCON музыкалык фестивалынын архитектору. Ал ошондой эле Оскардын "Мыкты тасма" номинациясында жеңишке жеткен "Паразиттер" тасмасынын аткаруучу продюсери.

Ли Түштүк Кореянын CJ ENM көңүл ачуучу конгломератынын вице-төрагасы - ал кино жана телестудия, ошондой эле кабелдик оператор жана музыкалык продюсердик менен алектенген ири компания.

Rebel Wilson

Актриса Ребел Уилсон ("100 айым-2021") тарабынан сунушталды

"Анда АЯЛДЫН КҮЧҮ бар, ал мен үчүн үлгү. Ал өзүнүн маданиятын дүйнөгө таанытып, жайылткан". - Ребел Уилсон

Лаура МакКаллистер

Лаура МакКаллистер, Уэльс

Профессор жана мурдагы футболчу

Уэльстин аялдар футбол командасынын мурдагы капитаны Лаура МакКаллистер спорт чөйрөсүндөгү бир нече жогорку кызматтарды ээлеген. Ал учурда УЕФАнын Аялдар футбол комитетинин төрагасынын орун басары, ал эми 2021-жылдын апрель айында ФИФА Кеңешине УЕФАнын өкүлү болуу үчүн шайлоого катышкан. Мындан сырткары, ал Wales Trust футбол ассоциациясынын директору.

Учурда Кардифф университетинин профессору, МакКаллистер Уэльс саясаты боюнча эксперт. Быйыл ал Уэльс тарабынан Катарда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн "ЛГБТ-спорт" элчиси катары тандалган. МакКалистер стадионго киргенде андан ЛГБТК+ коомчулугун колдогон "көк желе дубал" чакалуу шляпасын чечүүнү суранышкан.

Милли

Милли, Таиланд

Рэп-артист

Милли сахналык аты менен белгилүү болгон артист жана ыр жазуучу Дануфа Ханатьеракул сулуулуктун стандарттары жана сексуалдык макулдук сыяктуу маселелерге көңүл буруу үчүн талаштуу тексттерди жазат. Ал бир нече тилде жана диалектилерде рэп ырдайт, ошондой эле Таиланддын трансгендер коомчулугунун жаргондорун да колдонот. Ал жакында BABB BUM BUM аттуу биринчи дебюттук альбомун жарыялады.

Ал быйыл Coachella фестивалында таиланддык стереотиптерге жана өкмөткө каршы билдирүү жасап, сенсация жаратты. Өткөн жылы ал Таиланд өкмөтүнүн Ковид-19га реакциясын сынга алганы үчүн жалаа жабуу үчүн айыпталган. Натыйжада #SaveMilli хештеги трендге айланды.

Рита Морено

Рита Морено, Пуэрто-Рико / АКШ

АКШ

EGOT ("Эмми", "Грэмми", "Оскар" жана "Тони" сыйлыктарын жеңип алган) статусуна ээ болгон артисттер өтө аз - Рита Морено алардын бири. Пуэрто-Риколук актриса, ырчы жана бийчи 13 жашында Бродвейде дебют жасаган жана жети он жылдыктын ичинде белгилүү карьера жасады.

Ал Singin’ in the Rain жана The King and I тасмаларында ойногон, бирок аны биринчи латиналык "Оскар" жеңүүчүсү кылган бул West Side Story киносундагы Анитанын ролу. Стивен Спилберг өз ремейкинде 90 жаштагы Морено үчүн атайын жаңы каарманды ойлоп чыгарды.

Салима Радия Мукансанга

Салима Радия Мукансанга, Руанда

Рефери

Салима Радиа Мукансанга быйыл Катарда эркектер арасында өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатында калыстык кылган алгачкы үч аялдын бири катары ФИФА тарабынан тандалды. Бул турнирдин 92 жылдык тарыхында биринчи жолу болду.

Өткөн жылдын январында ал эркектер арасындагы Африка Кубогундагы матчта калыстык кылган биринчи аял болуп калды. Ошондой эле Токиодогу Олимпиада оюндарында да рефери болгон. Ал буга чейин аялдар арасында футбол боюнча эл аралык мелдештерде да эң жогорку деңгээлдеги оюндарга негизги рефери болгон. Спортто иштегенге чейин акушердик кесипти аркалаган.

Алла Пугачева

Алла Пугачева, Орусия

Музыкант

Ырчы жана композитор Алла Пугачеванын 250 миллиондон ашык пластинкасы сатылган. 500дөн ашуун ыр жана 100дөй альбомдон турган репертуары бар "Орус эстрадасынын ханышасы" маданияттын иконасы болуп саналат. Ал өзүнүн тунук меццо-сопрано үнү менен белгилүү. Пугачева азыр чыгармачылык карьерасын токтоткон.

Ал музыкасы үчүн Орусияда бир нече жолу сыйланган, бирок Пугачева орус бийлигине каршы билдирүү жасады. Ал жакында Instagram баракчасына өзүнүн 3,6 миллион окурмандарына Украинадагы согушту айыптаган пост жарыялады - аны мактагандар да, "мамлекетке чыккынчылык кылды" дегендер да болду.

Дүйнө аялдардын билимге жетүү жана финансылык көз карандысыздыгы үчүн күрөштө олуттуу прогресске күбө болду. Бирок, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көптөгөн өлкөлөрдө дагы эле чоң маселе.

Алла Пугачева

Элназ Рекаби

Элназ Рекаби, Иран

Аскага чыгуучу

Октябрда Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында ирандык аскага чыгуучу Элназ Рекаби өз өлкөсүндө милдеттүү хижаб кийүүгө каршы нааразылык акциясын колдоп, жарышка жоолуксуз чыккан. Ал чемпионатта төртүнчү орунду ээледи, бирок ирандык демонстранттар арасында мактоолорго татыды. Ал Тегеранга кайтып келгенде аэропортто көптөгөн адамдар тосуп алган.

Кийинчерээк Instagram баракчасында анын хиджабы “кокустуктан түшүп калганы” жазылган, ал эми Рекаби мамлекеттик телеканалга берген интервьюсунда “башаламандык жана тынчсыздануу” үчүн Иран элинен кечирим сураган. Бирок Би-Би-Си Перс кызматынын булагы Рекабини бул интервьюну берүүгө аргасыз кылышкан деп билдирди.

Юлимар Рохас

Юлимар Рохас, Венесуэла

Спортчу

Олимпиада медалынын ээси (алтын менен күмүш) жана дүйнөнүн үч жолку чемпиону Юлимар Рохас март айында өткөн жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатта 15,74 метрдик узундукка секирип, дүйнөлүк рекорд койду. Эми ал дагы бир чоң жетишкендикти көздөп жатат - 16 метрге секирүү.

Юлимар Каракас шаарында (Венесуэла) төрөлүп, Кариб деңизинин жээгиндеги жакыр аймакта чоңоюп-өскөн. Учурда "Барселона" клубунун атлетика командасынын курамында. Рохас өз өлкөсүндө баатыр наамына ээ болду. Ал ачык лесбиянка жана ЛГБТК+ коомчулугун колдойт.

Аялдардан коркуунун кереги жок. Биз үчүн мүмкүн болбогон нерсе жок, бизди баалабай коюуга мүмкүн экени айкын, бирок биз эмнеге жөндөмдүү экенибизди сыймыктануу менен көрсөттүк.

Юлимар Рохас

Нана Даркоа Секьяма

Нана Даркоа Секьяма, Гана

Жазуучу

Анын "Африкалык аялдардын сексуалдык жашоосу" аталыштагы китеби Publishers Weekly журналынын серебинде "сексуалдык боштондукка умтулуу жөнүндө укмуштуудай отчет" деп мүнөздөлгөн. Ал The Economist тарабынан жылдын эң мыкты китеби деп таанылган, анда континенттеги жана дүйнөлүк диаспоранын ар түрдүү үндөрү чагылдырган.

Жазуучу жана феминисттик активист Нана Даркоа Секьяма ошондой эле "Африкалык аялдардын уктоочу бөлмөлөрүндөгү укмуштуу окуялары" долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул веб-сайт жана подкастта африкалык аялдардын секс менен сексуалдык ырахатка байланыштуу тажрыйбасын баяндаган контент жарыяланат.

Феминисттер бардык аялдар үчүн мейкиндикти түзүүгө жетишти. Бирок биз терс реакцияга туш болуп жатабыз, бул биздин жетишкендиктерибиздин натыйжасы - бул реакция гендердик ар түрдүү жана гендердик шайкеш келбеген адамдарга өзгөчө таасир этет.

Нана Даркоа Секьяма

Салли Скейлс

Салли Скейлс, Австралия

Сүрөтчү

2022-жылы арт-консультант Салли Скейлс "Парламентке добуш" деп аталган референдумдун алдында Австралиянын өкмөтү менен иштеген консультациялык топтун курамына кирген. Эгерде бул тарыхый референдум ийгиликтүү болсо, түпкү калктын өкүлдөрү парламентке туруктуу шайлана алат.

Сыйга татыган маданият лидери жана сүрөтчү Скейлс алыскы Түштүк Австралиядагы Анангу Пайпальятжара Янкуньтятяра (АПЯ) жерлеринен келген пайпальятжаралык аял. Ал АПЯ төрайымы кызматын ээлеген экинчи аял жана түпкү элге таандык Art Center Collective маданият ишканаларынын тобунун өкүлү.

Julia Gillard

Мурдагы саясатчы Жулия Гиллард ("100 айым-2018") тарабынан сунушталды

"Салли укмуштуудай искусствонун да, адамдык түшүнүктүн да жаратуучусу. Башкаларды агартуу жана шыктандыруу менен ал расизм менен сексизмдин зыяндуу айкалышын токтотуу үчүн зарыл болгон көптөгөн өзгөрүүлөргө түрткү берет".

Александра Скочиленко

Александра Скочиленко, Орусия

Сүрөтчү

Санкт-Петербургдук сүрөтчү Александра Скочиленко супермаркеттеги баалыктарды Украинадагы согуш, анын ичинде Мариуполь театрына жасалган аба соккусунан каза болгондордун саны тууралуу маалымат менен алмаштырганы үчүн камалган. Бул тууралуу күч органдарына кабар жеткенден кийин ал "Орусиянын куралдуу күчтөрү жөнүндө дезинформация таратканы" үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Учурда ал тергөө абагында өкүмдү күтүп жатат жана өзүн "абийир туткуну" деп эсептеп. Скочиленко 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Скочиленко психикалык ден-соолукка багытталган комикстерди жазат, анын ичинде "Депрессия жөнүндө эскертүүлөр" жана "Мания деген эмне?" деген чыгармалар бар. Анын курбусу камактагы Скочиленконун ден соолугуна тынчсызданып жатканын билдирди.

Сара Чан

Сара Чан, Түштүк Судан

НБА скауту

Мурдагы профессионал баскетболчу Сара Чан азыр бүткүл Африка боюнча өспүрүмдөрдү машыктырууда. Ал ошондой эле НБАнын Toronto Raptors баскетбол командасы үчүн иштеген Африкадагы биринчи аял скаут-менеджер.

Анын үй-бүлөсү Судандын Хартум шаарындагы согуштан Кенияга качып, Чандын баскетбол карьерасы ошол жерден башталган. Ал Теннесси штатындагы Жексондун Юнион университетинде баскетбол боюнча стипендия алып, Африка менен Европада профессионалдуу ойногон. Чан эрте курактагы никеге каршы күрөшөт, ошондой эле жаштарды билим берүү жана спорт менен тарбиялаган Home At Home/Apediet Foundation бейөкмөт уюмун негиздеген.

Сиз өзүңүзгө ишенген нерсесиз, ошондуктан бардык кыялдарыңызга жана каалоолоруңузга татыктуу келечекке ишениңиз.

Сара Чан

Приянка Чопра Жонас

Приянка Чопра Жонас, Индия

Актриса жана продюсер

60тан ашык тасмада тартылган Приянка Чопра Жонас Болливуддун эң чоң кино жылдыздарынын бири. Мурдагы Мисс Дүйнө 2002-жылы кинодогу дебютун жасап, Голливуддагы биринчи түштүк азиялык актриса катары тарыхта калды - ал америкалык "Куантико" (2015-жыл) тармактык драмалык сериалда тартылган.

Ал голливуддук Isn't It Romantic жана The Matrix Ressurections тасмаларында да ойногон. Приянка Чопра Индияда тасмаларды тартып, өзүнүн продюсердик компаниясын түзгөн. Ошондой эле ал ЮНИСЕФтин ак ниет элчиси, балдардын укуктары жана кыздардын билим алуусу үчүн кампания жүргүзөт.

MeToo кыймылы жана анын натыйжасында аялдардын жамааттык үндөрү чогулуп, бири-бирин коргоп, бири-бирине колдоо көрсөтө баштаганда абдан күчтүү нерсе бар.

Приянка Чопра Жонас

Гитанжали Шри

Гитанжали Шри, Индия

Автор

Жазуучу Гитанжали Шри быйыл тарыхка кирди. Ал Ret Samadhi романынын англисче котормосу болгон Tomb of the Sand ("Кум мүрзөсү") үчүн Эл аралык "Букер" сыйлыгын утуп алган биринчи хинди жазуучусу болду. Китептин французча котормосу да "Эмиль Гиме" сыйлыгына номинацияланды.

Шри хинди тилинде фантастика, ошондой эле хинди менен англис тилдеринде илимий-популярдуу адабиятты жазат. Тилдин жана структурасынын инновациялык колдонулушу менен айырмаланган анын чыгармалары көптөгөн индиялык жана чет тилдерге которулган. Ал ошондой эле негиздеген Vivadi театралдык тобу менен биргеликте театралдык сценарийлердин үстүндө иштейт.

Аялдар өз мейкиндиги үчүн ар дайым сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Бүгүнкү күндөрү алар үчүн турмуштун бардык чөйрөсүндө, маданият жана класс боюнча тең эмес болсо да, белгилүү прогрессти байкоого болот

Гитанжали Шри

Активизм / Укук коргоочулук

Лина Абу Акле

Лина Абу Акле, Палестина

Адам укугун коргоочу

Палестиналык-армяндык адам укуктарын коргоочу Лина Абу Акле теги палестиналык америкалык журналист Ширин Абу Акленин жээни - ал май айында Израиль аскерлеринин оккупациялаган Батыш жээктеги чабуулун чагылдырып жаткан "Аль-Жазиранын" кабарчысы. Израиль аскерлердин бири аны "жаңылыштан өлтүрүп алышы мүмкүн" деп билдирген.

Лина азыр адилеттүүлүк жана таежесинин өлтүрүлүшү үчүн жооптуу адамдарды табуу кампаниясын жүргүзүүдө. Ал адам укуктары боюнча эл аралык изилдөөлөр боюнча магистр, 2022-жылы TIME100 аны "Кийинки жаңы чыгуучу лидерлеринин бири" деп атады.

Биз таежем Ширин Абу Акле токтогон жерден улантышыбыз керек. Биз айтып жаткан окуялардын жана чогулткан маалыматтарды адилеттүү, так жана толук болушуна кепилдик берүү үчүн аялдардын көз карашын кеңейтүүнү улантышыбыз керек - аялдарсыз бул мүмкүн эмес.

Лина Абу Акле

Велмарири Бамбари

Велмарири Бамбари, Индонезия

Активист

Индонезиянын алыскы аймагында иштеген Велмарири Бамбари Борбордук Сулавесиде сексуалдык зордук-зомбулуктун курмандыктарынын укуктары үчүн күрөшүп келет. Ал жергиликтүү кеңештин мүчөлөрүн кадимки укукту бузууга, атап айтканда сексуалдык зомбулуктун курмандыктарына айып пул салбоого көндүрдү.

Кадимки укуктагы “айылды жуу” деген санкция "салттуу баалуулуктарды булгады" деп эсептелген кылмышкерлерге айып пул салууну камтыйт. Бул эреже жабырлануучуларга да колдонулат. Полиция сексуалдык зомбулук катталганда көп учурда Бамбариге биринчи кайрылат. Ал быйыл бир нече иштерди карады.

Мен физикалык жактан майып болсом да, өзүмдүн күчүмдү аялдарга каржылык көз карандысыздыкка ээ болууга алып келген шарттарды түзүүгө жумшагым келет.

Велмарири Бамбари

Тарана Бёрк

Тарана Бёрк, АКШ

Активист

#MeToo хэштеги беш жыл мурун дүйнө жүзү боюнча тарап, миллиондогон адамдар сексуалдык асылуу тажрыйбасы менен бөлүшкөн. Бул кыймылды 2006-жылы аман калган активист Тарана Бёрк баштаган. Бул сөз айкашын аялдарга карата зордук-зомбулук тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу үчүн ойлоп тапкан.

2017-жылы актриса Алисса Миланонун твити #MeToo дегенди күчөткөн - ал аялдарга кандай мамиле жасалганы тууралуу глобалдык талкууну жаратып, аман калгандарды шыктандырды. Бёрк маданий жана структуралык өзгөрүүлөр үчүн күрөшүн улантууда жана кыянаттыктан аман калгандарды коргоого даяр.

Гералдина Герра Гарсес

Гералдина Герра Гарсес, Эквадор

Фемицидге каршы активист

Гералдина Герра Гарсес 17 жылдан ашык убакыттан бери Эквадордо зомбулукка кабылган аялдардын укуктарын коргоп келет. Ал фемицид (аялдарды же кыздарды аял болгондуктан атайылап өлтүрүү) тууралуу маалыматты элге жеткирүү менен алектенет.

Ал "Эс тутум картографиясын" демилгелеген - долбоор өлтүрүлгөн аялдардын "өмүр карталарын" түзүүгө умтулуп, алардын эс-тутумун сактап, коомдогу мамилелердин маданий өзгөрүшүнө түрткү бергиси келет. Герра бул окуялар менен "Феминисттик Альянс" жана Латын Америкадагы "Гендердик зомбулукка каршы" уюму менен бөлүшөт. Ошондой эле ал Aldea фондунун өкүлү, мындан сырткары өлкөдөгү аялдарга баш калкалоочу жайларды уюштурат.

Фемицидди алдын алуу боюнча катуу чара көрүлбөсө, эч кандай жылыш болбойт. Жаңы мыйзамдар күчүнө киргенине карабастан, биз дагы эле өлтүрүлүп жатабыз - бул өзгөрүшү керек.

Гералдина Герра Гарсес

Муд Гоба

Муд Гоба, Улуу Британия

ЛГБТК+ активист

Өзү мурда качкын болгон Муд Гоба дээрлик жыйырма жыл бою качкындардын интеграциясына көмөктөшкөн баштапкы уюмдар менен иштеп келет. Учурда ал качкындарды (алардын ичинде ЛГБТК+ өкүлдөрү да бар) коопсуз башпаанек менен камсыз кылган Micro Rainbow компаниясынын улуттук менеджери. Ал үй-жайсыздарды жылына 25,000 түн менен камсыз кылган турак-жай долбоорун, ошондой эле алардын жумушка орноштуруу программасын жетектейт.

Жакында Гоба Улуу Британияга Ооганстандан келген ЛГБТК+ адамдардын интеграция процессин башкарды. Ал UK Black Pride уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана алардын камкорчулар кеңешинин учурдагы төрайымы.

Жебина Ясмин Ислам

Жебина Ясмин Ислам, Улуу Британия

Активист

2021-жылы сентябрда Лондондун сейил багында киши колдуу болгон башталгыч класстын мугалими Сабина Нессанын бир тууганы Жебина Ясмин Ислам Улуу Британияда аялдардын көчөдөгү коопсуздугу үчүн күрөшөт. Ал мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үгүттөгөн. Эми айыпталуучулар өкүм чыгаруу маалында сотко келиши керек.

Анын эжеси өлтүрүлгөндөн кийин, Ислам британ өкмөтү колдоо көрсөтпөгөнүн сынга алып, бул аялдарга карата зомбулукка канчалык аз маани берилгенин көрсөтүп турат деп айткан. Ал ошондой эле расалык дискриминация жөнүндө айтты - ал эгерде алардын үй-бүлөсү "кадимки британиялык ак үй-бүлө болгондо, алар жакшыраак мамиле жасамак" деп эсептейт. Ислам эжесин "күчтүү, коркпогон жана жаркын" болгон "укмуштуу үлгү" деп сыпаттаган.

"Өзүңүздү планетадагы бардык адамдарга караганда көбүрөөк сүйүңүз." (Жебина бөлүшкөн Сабина Нессанын журналынан алынган сөз)

Сабина Несса

Сабина Нессанын журналынан алынган билдирүү (анын эжеси Жебина бөлүштү)

Хайди Кроутер

Хайди Кроутер, Улуу Британия

Майыптардын укугун коргоочусу

Хайди Кроутер Даун синдрому бар адамдардын кабыл алуусун өзгөртүү үчүн кампания жүргүзөт. Ал бул шарты бар түйүлдүктөр төрөлгөнгө чейин бойдон алдырууга уруксат берген мыйзамын дискриминациялык деп, ага каршы британ өкмөтүн сотко берген. Сот анын доо арызын четке кагып, мыйзам төрөлө элек бала менен аялдардын укуктарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган деп билдирген. Ноябрда Кроутер апелляциялык сотто да жеңилди, бирок ал жана анын командасы "күрөшүүнү улантууну" жана ишти Жогорку Сотко алып барууну пландап жатканын айтты.

Ал Positive About Down уюмунун колдоочусу жана Даун синдрому боюнча Улуттук саясат тобунун негиздөөчүсү. Анын "Мен жөн гана Хайдимин" аттуу китеби август айында жарык көргөн.

Мен кош бойлуу аялдарга Даун синдрому тууралуу туура маалымат жеткиргим келет. Мен адамдар замандын талабына жооп берип, бизди ким экенибизди көрүшүн каалайм!

Хайди Кроутер

Лайли

Лайли, Иран

Нааразычылык акциянын катышуучусу

Ирандагы азыркы нааразылык акцияларынын эң көрүнүктүү сүрөттөрүнүн бири - арт жактан тартылып, чачын байлап, көчөдө нааразылык акциясын улантууга даярданып жаткан жаш аял. Анын сүрөтү демонстранттардын эрдигинин символу болуп калды, бирок ал жаңылыштык менен 22 жаштагы Хадис Нажафи болгону айтылган - ал уланып жаткан демонстрациялар маалында өлтүрүлгөн.

Бул сүрөттүн артында турган аял Би-Би-Си Перс кызматына сүйлөп жатып, "Хадис Нажафи жана Махса Амини сыяктуу адамдар үчүн күрөшөрүн" айтты. "Иран режими, - деди ал, бизди өлүм менен коркутпаңыз. Биз эркин Иранга үмүтүбүз бар".

Хадизату Мани

Хадизату Мани, Нигер

Кулчулукка каршы кампаниянын катышуучусу

12 жашында "бешинчи аял" болуу үчүн сатылып кеткен Хадизату Мани "вахая" практикасы боюнча кул болгон - ага ылайык, таасирдүү адам төрт мыйзамдуу аялына кызмат кылуу үчүн расмий эмес аял алат. 2005-жылы мыйзамдуу түрдө эркиндикке чыккандан кийин, Мани кайра турмушка чыккан, бирок анын мурдагы кожоюну "көп күйөөлүүлүккө" айыптап, сотко берген. Ал күнөөлүү деп табылып, алты айга камалган.

Мани бул өкүмгө даттанып, Нигердин Жогорку Соту анын өкүмүн 2019-жылы жокко чыгарып, натыйжада "вахая" практикасына тыюу салган. Ал азыр кулчулукка каршы жактоочу жана өзүнүн платформасын башка аялдарга качууга жардам берүү үчүн колдонот.

Олександра Матвийчук

Олександра Матвийчук, Украина

Адам укуктары боюнча юрист

15 жыл бою Александра Матвичук Жарандык эркиндиктер борборун (CCL) жетектеп келет. Аталган борбор Украинага басып киргенден кийин Орусиянын согуш кылмыштарын документтештирүүдөгү эмгеги үчүн 2022-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгына татыды.

CCL 1960-жылдары адам укуктары үчүн күрөшкөн украиналык диссиденттердин мурасын алып жүрөт. 2014-жылы бул борбор Крым, Луганск жана Донецкке согуш кылмыштарын документтештирүү үчүн барган биринчи укук коргоочу уюм болгон. Эми алар Чеченстанда, Молдовада, Грузияда, Сирияда, Малиде жана Украинада орус аскерлери тарабынан адам укуктарынын бузулушу боюнча эл аралык трибунал түзүүнү талап кылышууда.

Эрдиктин жынысы жок.

Олександра Матвийчук

Наргес Мохаммади

Наргес Мохаммади, Иран

Укук коргоочу

Журналист жана Нобель Тынчтык сыйлыгынын номинанты Наргес Мохаммади Ирандагы "Адам укуктарын коргоочулар" борборунун вице-президенти - ал өлүм жазасын алып салуу үчүн талыкпай үгүт жүргүзүп келет. Учурдагы демонстрациялар учурунда ал Эвин түрмөсүнөн кат жөнөтүп, БУУдан Иран өкмөтүнөн демонстранттарга өлүм жазасын берүүнү токтотууну суранган.

2010-жылы Мохаммади 11 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ал Эвин түрмөсүндө кармалгандарга жасалган мамилени сындап чыгып сүйлөнү үчүн анын абактагы мөөнөтү 16 жылга чейин көбөйгөн. Анын "Ак кыйноо" даректүү тасмасы мурда камакта отурган 16 кишинин интервьюсуна таянып, жалгыз кармоочу камераны тууралуу айтып берет. Мохаммадинин эки баласы күйөөсү, саясий активист Таги Рахмани менен бозгунда жашайт.

Тамана Заряб Паряни

Тамана Заряб Паряни, Ооганстан

Активист

Январь айында билим алуу жана иштөө укугун талап кылган митингге катышкандан бир нече күн өткөндөн кийин Тамана Заряб Паряни жана анын эже-сиңдилерин куралчан адамдар үйүнөн зордоп алып кетишкен. Эл аралык коомчулук аларды бошотууга чакырганына карабастан талибдер бул окуяга "тиешеси жок экенин" билдирген.

Ал кармалып жатканын видеого тартып, интернетке жарыялаган. Парянинин вирустук видеосу жоголуп бараткан активист аялдардын маселесине көңүл бурду. Ал үч жума камакта отурган. Андан соң ал Германияда көчүп, ооган аялдар менен тилектеш болуп, жоолугун өрттөп жиберген. Бул кадамды көптөгөн ооган аялдары талаш-тартыштуу деп эсептешкен.

Дүйнөнүн аялдары өнүгүп жаткан учурда, Ооганстандын аялдары 20 жылга артка жылдырылды. Аялдардын 20 жылдык жетишкендиктери алардан алынды.

Тамана Заряб Паряни

Алис Патаксо

Алис Патаксо, Бразилия

Түпкү калктардын укугун коргоочу активист

Климаттын өзгөрүүсүнө каршы чыккан активист, журналист жана инфлюэнсер Алис Патаксо Бразилиянын өкмөтүнүн соңку экологиялык жана айыл чарба саясаты жергиликтүү калктын жер укуктарына кандайча коркунуч келтирип жаткандыгы жөнүндө маалымдап келет. Патаксо элинин үнү катары түпкү жамааттарга карата колониялык көз караштарга каршы чыгып, экоактивисттердин өлүмдөрүн ачыктоону көздөйт.

Ал Colabora'нын журналисти жана өзүнүн Nuhé аталыштагы YouTube каналы үчүн контент жаратат - бул термин Бразилиядагы түпкү элдин туруктуулугун билдирет.

Malala Yousafzai

Билим берүү активисти Малала Юсуфзай ("100 айым-2021") тарабынан сунушталды

"Би-Би-Синин быйылкы "100 айым" тизмесине Алис Патаксону сунуштаганыма абдан сыймыктанам. Алистин климаттык өзгөрүүлөргө каршы аракеттери, гендердик теңчилик жана түпкү калктын укуктары үчүн күрөшүүсү мага туруктуу жана теңдеш дүйнө мүмкүн экенине үмүт берет".

Ройя Пиреи

Ройя Пиреи, Иран

Активист

Сентябрда Ройя Пиреинин сүрөтү интернетке тараган. Анын апасы, 62 жаштагы Мину Мажиди Ирандын эң ири күрт тилдүү шаары Керманшахта нааразылык акциясына чыгып, коопсуздук күчтөрү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Пиреи апасынын мүрзөсүнүн жанында кыркылган чачын колуна кармап, камераны тиктеп турду.

Иранга жайылган өкмөткө каршы нааразылык акциялары 22 жаштагы Махса Амини аттуу күрт тектүү аялдын өлүмүнөн кийин башталган. Пиреи андан бери уланып жаткан нааразылык акцияларына эл аралык колдоо табуу максатында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.

Юлия Сачук

Юлия Сачук, Украина

Майыптар уюмунун лидери

Украиналык укук коргоочу Юлия Сачук майып аялдар жетектеген “Укук үчүн күрөш” уюмунун жетекчиси. Орусия Украинага басып киргенден кийин ал шашылыш түрдө майыптыгы бар миңдеген украиналыктардын өмүрүн сактап калуу үчүн эл аралык уюмдар менен эвакуациялоо пландарын координациялоо үчүн күнү-түнү иштеген.

Сачук майып кыздардын жана аялдардын чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыкдар. Ал Обама Фондунун “Лидер Европа” программасына катышат, 2020-жылдагы Адам укуктары боюнча улуттук сыйлыктын лауреаты болгон жана БУУнун майыптардын укуктары боюнча комитетинин Украинадан талапкери.

Сувада Селимович

Сувада Селимович, Босния жана Герцеговина

Тынчтыктын жарчысы

Отуз жыл мурун Босния жана Герцеговинаны согуш кыйраткан. Сувада Селимович үйлөрүнө кайтып келген башка аялдар менен бирге айылын кайра куруп, ошол жерде жашайт. Жесир аял жана кичинекей балдардын энеси болгон Селимович тынчтыкты активдештирүү жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн Anima уюмун негиздеген.

2008-жылы күйөөсүнүн сөөгү массалык мүрзөдөн табылгандан кийин, ал согуш кылмыштары боюнча сотто көрсөтмө берип, башка аялдарды да ушундай кылууга үндөгөн. Бүгүнкү күндө Anima'да согуштан жабыркаган аялдар үчүн семинарлар өтүп, алар жасаган буюмдарын сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Чжоу Сяосюань

Чжоу Сяосюань, Кытай

Феминист активист

Кытайдын MeToo кыймылынын жүзү катары Чжоу Сяосюандын ишине кытайлык феминисттер жана бүткүл дүйнөлүк аудитория көз салган. 2018-жылы ал мамлекеттик CCTV телеканалынын алып баруучусу Чжу Цзюнду 2014-жылы стажировка маалында "кармалап, эркине каршы өпкөн" деп айыптап, сотко берген. Алып баруучу айыптарды четке кагып, ар-намысына шек келтирди деп сотко кайрылган.

Анын иши далилдердин жетишсиздиги үчүн кыскартылган, ал эми быйыл анын аппеляциялык даттануусу четке кагылган. Кээ бир чет элдик маалымат каражаттары муну Кытайдын MeToo кыймылына сокку деп аташкан. Чжоу Сяосюань азыр сексуалдык асылууга дуушар болгон аялдарга колдоо көрсөтүп, Кытайдагы феминисттик маселелерди чагылдыруу менен алектенет.

Эфрат Тилма

Эфрат Тилма, Израиль

Ыктыярчы

Израил полициясындагы биринчи трансгендер ыктыярчысы, активист Эфрат Тилма чалууларга жооп берип, полиция күчтөрү менен ЛГБТК+ коомчулугунун ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн иштейт. Тилманын үй-бүлөсү аны өспүрүм кезинде кууп чыгып, полициянын куугунтугуна дуушар болгондон кийин Израилден качып кеткен. Ал 1969-жылы Касабланкада жынысын алмаштыруу операциясын жасаткан, анткени Европада бул процедурага тыюу салынган болчу.

Ал Берлинде стюардесса болуп иштеп, турмушка чыккан. Ал 2005-жылы ажырашкандан кийин Израилге кайтып келип, өлкөдө сексуалдык азчылыктар үчүн жагымдуу жай деп, полицияга ыктыярчы болуп кирген.

Сеси Флорес

Сеси Флорес, Мексика

Активист

2015-жылы куралчан адамдар Сеси Флорестин 21 жаштагы уулу Алехандрону уурдап кетишкен. Төрт жылдан кийин кылмыштуу топ анын дагы бир уулун, 31 жаштагы Марко Антониону барымтага алган. Флорес өз ишмердүүлүгүн Мексикада зомбулук менен жок болгон балдары эмне болгонун билбестен өлүп калуу коркунучу менен түшүндүрөт.

Быйыл өлкө оор учурга туш болду. БУУ Мексикада дайынсыз жоголгон 100 миң кишинин тизмеси "эбегейсиз чоң трагедия" деп атады. Флорестин жетекчилиги астында Madres Buscadoras de Sonora (Соноранын апасын издөө) уюму 1000ден ашык дайынсыз жоголгон адамдарды жашыруун мүрзөлөрдөн табууга жардам беришти.

Гехад Хамди

Гехад Хамди, Египет

Тиш дарыгери жана гуманитарий

Стоматолог Гехад Хамди ошондой эле гендердик жана сексуалдык зомбулуктун кылмышкерлерине көңүл буруу үчүн Speak Up феминисттик социалдык медиа платформасынын негиздөөчүсү жана менеджери. 2022-жылы Египетте аялдарга каршы бир катар зордук-зомбулук кылмыштары болуп, бул маселе кайрадан көңүлдүн чордонуна чыкты.

Уюм аялдарды зордук-зомбулук жөнүндө ачык айтууга үндөйт, ошону менен бирге юридикалык жана эмоционалдык колдоо көрсөтүп, бийликти "чаап" турат. Хамдинин кампаниясы бир нече жолу таанылган, анын ичинде 2022-жылдагы "Бүткүл дүйнөлүк адилеттик" форумунда тең укуктар жана дискриминацияга каршы сыйлыкка ээ болгон.

Дагы көп нерсе бар, биз акырына жакын эмеспиз. Чынында, биз араң баштадык.

Гехад Хамди

Жудит Хейман

Жудит Хейман, АКШ

Майыптардын укугун коргоочу

Жудит Хейман өз өмүрүн майып адамдардын укуктары үчүн күрөшүүгө арнаган. Бала кезинде полиомиелитке чалдыккандан кийин ал майып арбага отуруп калган, бирок буга карабастан Нью-Йоркто мугалим болуп иштей баштаган.

Ал майыптардын укуктарын коргоо кыймылынын эл аралык деңгээлде таанылган лидери. Ал АКШнын федералдык имаратынын алдында эң узак отуруу митингине катышкан. Ошондой эле өлкөнүн негизги мыйзамдарын ишке ашырууда маанилүү ролду ойногон. Хейман Клинтондун жана Обаманын администрациясында иштеген жана 20 жылдык коммерциялык эмес уюмдарда тажрыйбасы бар.

Майыптардын укугун коргоочу Шани Дханда ("100 айым-2020") тарабынан сунушталды

"Мен 30 жылдан ашык убакыттан бери бүткүл дүйнө жүзү боюнча майыптардын укуктарын коргогон Жудиттен шыктандым. Ал талыкпаган жактоочу бойдон калууда жана майыптардын укуктарын коргоо кыймылынын маанилүү учурларынын бир бөлүгү болуп калды".

Санжида Ислам Чоя

Санжида Ислам Чоя, Бангладеш

Студент

Бангладеш жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы катарда, бирок Санжида Ислам Чоя муну өзгөртүүгө аракет кылууда. Анын апасы жаш кезинде турмушка чыккан, анткен менен Чоя жаш балдардын турмушка чыгуусунун кесепеттери тууралуу мектептеги презентациядан шыктангандан кийин бул маселе менен алектенүүнү чечкен.

Ал достору, мугалимдери жана тарапташтары менен жашы жете электерге турмушка чыгуу фактылары тууралуу полицияга кабарлашат. Алар өздөрүн Ghashforing ("Чегирткелер") деп аташат. Азыр Чоянын Ghashforing менен иши токтогон жок - ал топтун жаңы мүчөлөрүнө насаатчылык кылат. Буга чейин алар 50 жаш баланы күйөөгө берүүдөн сактап калганы айтылууда.

Сандья Экналигода

Сандья Экналигода, Шри-Ланка

Укук коргоочу активист

Укук коргоочу жана активист Сандья Экналигода Шри-Ланкадагы жарандык согуш учурунда жакындарын жоготкон миңдеген энелерге жана аялдарга жардам көрсөтүүдө. Анын күйөөсү, белгилүү иликтөөчү журналист жана карикатурачы Прагиит Экналигода, 2010-жылдын январында дайынсыз жоголгон. Ал өкмөттү катуу сындап, "Тамил-Иламды бошотуучу жолборстор" тобунун сепаратисттерине карата айтылган кыянаттыктарды иликтеген.

Прагиит жоголгондон бери эки баланын энеси акыйкат издеп келет. Ал күйөөсүнүн дайынсыз жоголгону үчүн Шри-Ланканын мурдагы президенти Махинда Ражапаксанын тарапкерлерин күнөөлөп келет. Шектүүлөрдүн өздүгү такталганына карабастан, алардын баары акталды.

Мен ар бир мүмкүнчүлүктө башкалардын атынан күрөшүп, чыгармачылык күрөш менен алектенип, арноо жана курмандык менен кордук, жалаанын жеңген аялмын.

Сандья Экналигода

Гохар Эшги

Гохар Эшги, Иран

Жарандык активист

Гохар Эшги Иранда туруктуулуктун символу болуп калды. Анын уулу, блогер Саттар Бехешти он жыл мурун камакта каза болгон - ошондон бери Эшги Иран бийлигин кыйноолор жана киши өлтүрүүлөр үчүн айыптап, адилеттикти талап кылып келет.

Ал балдарынын өлүмү үчүн адилеттик издеген ирандык энелердин бири. Эшги уулунун өлүмү үчүн Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи жеке жооптуу деп эсептеп, 2019-жылы анын кызматтан кетишин талап кылган катка кол койгондордун бири болгон. Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акцияларында Эшги демонстранттар менен тилектештик иретинде жоолугун чечти.

Чачын кыркып жаткан аялдар

Чачын кыркып жаткан аялдар, Иран

Нааразычылык акциянын катышуучулары

13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы күрт тектүү кыз Махса Амини жоолукту "туура эмес кийгени үчүн" адеп-ахлак полиция тарабынан камакка алынып, андан соң каза болгондон кийин Иранда массалык нааразылык акциялары башталган.

Бул жылы биз аялдардын нааразылык акцияларында өз эркиндиги үчүн жана милдеттүү хиджабга каршы күрөштө ойногон ролун белгилегибиз келди.

Чач кыркуу дүйнө жүзүндөгү атактууларга жана саясатчыларга жайылган кыймылдын символдорунун бири болуп калды. Муну Ирандын айрым жамааттары аза күтүүнүн салттуу белгиси катары кабыл алышат.

Саламаттыкты сактоо / Илим

Айе Ниейн Тху

Айе Ниейн Тху, Мьянма

Дарыгер

Айе Ниейн Тху - Мьянманын кризистик аймактарында иш алып барган волонтер, ал негизинен алыскы жана жакыр Чин аймагына көңүл бурууда. Ал 2021-жылдын ноябрында чакан операциялык бөлүмү бар убактылуу оорукана куруп, андан бери бейтаптарды дарылап келет.

Бош убактысында ал дарылануу жеткиликсиз болгон башка аймактарга барып, бейтаптарды дарыялайт. Ал ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканда Мьянма армиясы аны "зордук-зомбулукка үндөгөн" деген айып таккан. Өлкө бийлиги дарыгерди "Элдик коргонуу күчтөрү" деп аталган жергиликтүү анти-өкмөттүк топторуна колдоо көрсөтүп жатат деп эсептейт.

Сириша Бандла

Сириша Бандла, Индия

Авиациялык инженер

Сириша Бандла 2021-жылы Virgin Galactic уюштурган биринчи толук экипаждуу суб-орбиталык Unity 22 тарыхый миссиясынын катарында космоско учту. Ушуну менен ал Индияда төрөлгөн космоско учкан экинчи аял болду.

Жаш кезинен эле космоско кызыккан Бандла авиациялык инженерияны окуу үчүн АКШга барган. Ал азыр Virgin Galactic компаниясынын өкмөттүк жана изилдөө иштери боюнча вице-президенти. Анын милдеттерине VG SpaceShip бортунда илимий жана технологиялык эксперименттерди жүргүзүү үчүн изилдөө кардарлары менен иштөө кирет.

Sunny Leone

Актриса Санни Леони ("100 айым-2016") тарабынан сунушталды

"Эркектер үстөмдүк кылган индустрияда Сириша ийгиликтерге жеткени мага жана эң негизгиси, окшош кыялдары бар бардык жаш кыздарды шыктандырат".

Виктория Баптисте

Виктория Баптисте, АКШ

Медайым жана вакцина боюнча окутуучу

АКШнын Мэриленд штатындагы медайым Виктория Баптисте элге вакциналар тууралуу түшүндүрөт. Ал кара афро-америкалыктар эмне үчүн медициналык кийлигишүүлөрдөн шектениши мүмкүн экенин түшүнөт: Баптисте 1951-жылы жатын моюнчасынын рагынан каза болгон аял Генриетта Лакстын тукуму - анын клеткалары макулдугу жок алынып, лабораторияда биринчи болуп өстүрүлгөн.

Алар HeLa клеткалары деп аталат жана медициналык изилдөөдө колдонулуп келет. Бирок үй-бүлө ондогон жылдар бою бул тууралуу билген эмес. Азыр Henrietta Lacks Фондунун бир бөлүгү болгон Баптисте ошондой эле жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча ДССУнун ак ниет элчиси.

Нилуфар Баяни

Нилуфар Баяни, Иран

Экологист

Табият коргоочу Нилуфар Баяни 2018-жылы Иранда кармалган. Ал кесиптеши менен жок болуп бара жаткан жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн камераларды колдонгон. Алар "стратегиялык маанидеги аймактар тууралуу жашыруун маалыматтарды чогулткан" деп айыпталышкан, ал эми Баяни он жылга эркинен ажыратылды.

Баяни Азиялык гепарддарды жана башка түрлөрдү сактап калууга арналган "Перс жапайы жаратылыштын мурасы" фондунун программалык менеджери болгон. Би-Би-Си Перс кызматына келген документте Ирандын "Ислам революциясынын сакчыларынын корпусу" аны "кеминде 1200 саат бою эң катаал психикалык, эмоционалдык жана физикалык кыйноолорго, ошондой эле сексуалдык зомбулук коркунучтарга" дуушар кылганын айтылат. Иран бийлиги бул айыптоолорду четке кагууда.

Марина Вязовская

Марина Вязовская, Украина

Математик

Украиналык математик ушул жылдын башында тарыхта Fields Medal престиждүү сыйлыгын утуп алган экинчи аял болду - ал ар бир төрт жылда бир берилүүчү "математика боюнча Нобель сыйлыгы" катары сыпатталат. Марина Вязовская бул сыйлыкты сегиз өлчөмдүү мейкиндикте сфераны эң эффективдүү жол менен жайгаштыруу маселесин чечкени үчүн алды. Бул баш катырманын чечими 400 жылдан бери табылбай келген.

Вязовская Лозаннадагы Швейцариянын Федералдык технология институтунунда (EPFL) иштейт, ошондой эле ал Математика институтунун профессору жана сандар теориясы кафедрасынын башчысы.

Вегата Гебрейоханнес Абера

Вегата Гебрейоханнес Абера, Тигрей, Эфиопия

Гуманитардык жардам кызматкери

Гуманитардык жардам кызматкери Вегата Гебрейоханнес Абера Тиграйдагы согуштун кесепетинен пайда болгон ачарчылыкты жоюуну көздөгөн Hdrina коммерциялык эмес уюмдун негиздөөчүсү. Hdrina согуштан жапа чеккен аялдарга жана балдарга жардам берүү боюнча бир катар долбоорлорду иштетип келет: анын ичинде ички мигранттар үчүн лагерде ыкчам тамактандыруу программасы (IDP) жана шаардын жашылдандыруу долбоору.

Уюм ошондой эле чыр-чатакта болгон сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган, ошондой эле согуштун кесепетинен келип чыккан жакырчылыктын айынан коммерциялык секс-кызматчыларга айланган аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү долбоорун ишке ашырат.

Дилек Гүрсой

Дилек Гүрсой, Германия

Кардиохирург

Германияда түрк мигрант ата-эненин кызы, доктор Дилек Гүрсой мыкты кардиохирург жана жасалма жүрөк боюнча адис. Германиядагы Forbes журналы ал тууралуу жазып, Европада жасалма жүрөктү имплантациялаган биринчи аял хирург деп мактаган.

Ал аялдардын анатомиясына өзгөчө көңүл буруп, органдардын донорлугунун төмөн көрсөткүчтөрүн эске алуу менен жүрөк трансплантациясына альтернативаны иштеп чыгуунун үстүндө иштеген. Гүрсой он жылдан ашык убакыттан бери жасалма жүрөк изилдөөлөрүнүн башында турат. Ал өмүр баянын жазып, азыр өзүнүн жүрөк клиникасын ачуунун алдында турат.

Яна Зинкевич

Яна Зинкевич, Украина

Саясатчы жана алдыңкы медициналык ыктыярчы

Hospitallers - согуштун фронтунда адам өмүрүн сактап келген ыктыярдуу фельдшердик уюм. Яна Зинкевич жетектеген команда согуш талаасынан адамдарды эвакуациялоо боюнча иш алып барышат. Зинкевич мектепти аяктагандан соң 2014-жылы Украинада согуштук аракеттер башталгандан кийин медициналык ыктыярчылардын батальонун негиздеген.

Ал жеке өзү 200 жарадар жоокерди коопсуз жерге алып барган. Анын командасы жаракат алган аскерлерге жана жарандарга биринчи жардам көрсөтүүнү улантып, медициналык окуудан өткөрүүдө. Ошондой эле кыймыл 6000ге жакын эвакуацияны жүргүзгөн. 27 жаштагы Зинкевич Украина парламентинин эң жаш депутаттарынын бири жана аскердик медицина боюнча комитеттин төрайымы.

Сэнди Кабрера Артега

Сэнди Кабрера Артега, Гондурас

Репродуктивдүү укуктардын коргоочусу

Философия факультетинин студенти, жазуучу жана активист. Сэнди Кабрера Артега сексуалдык жана репродуктивдүү укуктардын коргоочусу. Ал ыкчам контрацепция таблеткалары боюнча семинарларды окутат. Ошондой эле "Hablemos lo que es" ("Келгиле, бул жөнүндө сүйлөшөлү") деп аталган ыкчам контрацепция жөнүндө билим берүү кампаниясы жана санарип платформасынын расмий өкүлү.

Ал ошондой эле жаштардын адамдык, сексуалдык жана репродуктивдүү укуктарына багытталган Acción Joven ("Жаштардын аракети") фондунда иштейт. Ал гондурастык жаңдоо тилинде эркин сүйлөйт жана дүлөй жалгыз бой эненин кызы катары өзүнүн камкор тарбиясы менен сыймыктанат.

Жуди Кихумба

Жуди Кихумба, Кения

Жандоо тили котормочусу

Жуди Кихумба - энелердин, анын ичинде дүлөй аялдардын психикалык ден соолугунун жактаган адам. Ал Кениядагы кээ бир ооруканаларда сурдокотормочулар жок экенин түшүнгөндө, саламаттыкты сактоо боюнча маалыматты бардык аялдар үчүн жеткиликтүү кылуу үчүн иштеп баштаган.

Ал Talking Hands, Listening Eyes on Postpartum Depression (THLEP) уюмунун негиздөөчүсү жана угуусу начар аялдарга эне болуу саякатында жардам берет. Кихумба бул уюмду 2019-жылы төрөттөн кийинки депрессияны башынан өткөргөн соң түздү. Бул жылы алар алгачкы жолу ымыркайлар үчүн душ уюштурушту - ага 78 дүлөй эне, медициналык кызматкерлер жана кеңешчилер катышты.

Мари Кристина Коло

Мари Кристина Коло, Мадагаскар

Климат ишкери

"Жашыл" социалдык ишкер жана экофеминист Мари Кристина Коло Мадагаскардын COP27'ге барган расмий делегациясынын курамында болгон. Ал климаттын өзгөрүшүнүн адам укуктарын жана гендердик аспектилерин жактайт, анткени анын өлкөсү миллиондогон адамдардын тамак-ашка жетүүсүн кыйындаткан кургакчылыкты башынан кечирүүдө. БУУ муну климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөдөгү биринчи ачарчылык деп атады.

Коло "жашыл экономика" аркылуу жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган People Power Inclusion бейөкмөт уюмунун аймактык директору. Анын Green'N'Kool социалдык ишканасы климаттык адилеттүүлүк үчүн алдыңкы улуттук платформа болуп саналат. Гендердик зомбулукка кабылган адам катары, ал зордуктоо маданиятына каршы күрөшкөн "Аялдар унчукпайт" (Women Break the Silence) кыймылын негиздеген.

Биз климаттын, патриархаттын жана зордук-зомбулуктун курмандыктары катары гана көрүнгүбүз келбейт. Биз, аялдар, бардык кыйынчылыктарга карабай туруктуу боло аларыбызды көргөндө мен ушунчалык сыймыктанам, оптимист боломун.

Мари Кристина Коло

Ирина Кондратова

Ирина Кондратова, Украина

Педиатр

Катуу аткылоого кабылганына карабастан, доктор Ирина Кондратова командасы менен Харьков облустук перинаталдык борборунда кош бойлуу аялдарга, жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана энелерге талыкпай кам көрүүнү улантышты. Алар оорукананын жертөлөсүнө бөлүм куруп, өз өмүрүн тобокелге салып, аба чабуулунун сиреналары угулуп турса да реанимациядагы ымыркайлар менен калышкан.

Борбордун жетекчиси катары доктор Кондратова март айында экс-футболчу Дэвид Бекхэмдин Инстаграмын алып, алар дуушар болгон кыйынчылыктарды чагылдырган. Анын командасы 2014-жылдан бери Луганск жана Донецктен келген 3000ден ашуун аялга медициналык жана психологиялык жардам көрсөткөн.

Үйлөрүбүз, жолдорубуз, электр станцияларыбыз, ооруканаларыбыз жана жашообуз талкаланды. Бирок биздин кыялдарыбыз, үмүтүбүз жана ишенимибиз мурдагыдан да жандуу жана күчтүү.

Ирина Кондратова

Асонеле Коту

Асонеле Коту, Түштүк Африка

Технологиялык ишкер

Асонеле Коту өзүнүн бойго бүтүрбөөчү имплантын алып салууну каалап, бирок ага жардам бере турган эч кимди таба албагандан кийин ишкерликке идея пайда болгон. Ал айыздын жетишсиздигин жоюу жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун азайтуу үчүн технологиялык чечимдерди сунуш кылган FemConnect стартапын негиздеген.

Платформа колдонуучуларга сексуалдык жана репродуктивдүү телемедицинаны эч кандай стигма же дискриминациясыз, ошондой эле аял үчүн гигиеналык жана контрацептикалык каражаттарын жеткиликтүү кылып берет - ал тамак-ашка онлайн режиминде буюртма кылгандай эле иштейт. Коту айыз жетишсиздигин жоюуга жана сапаттуу медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, өзгөчө коркунуч тобундагы жаштарга жана маргиналдашкан жамааттарга жардам бергиси келет.

Келечектеги муун ата-энелерибиз көргөн кыйынчылыктарды баштан кечирбеши үчүн көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издегени мени абдан кубантты.

Асонеле Коту

Нажа Либерт

Нажа Либерт, Гренландия

Психолог

1960-70-жылдары даниялык дарыгерлер инуит-гренландиялык кыздардын арасында төрөттү көзөмөлдөө үчүн жатын ичине салынуучу спиралды (IUD) ыктыярсыз түрдө орноткон - 13 жашар Нажа Либерт алардын арасында болчу. Быйыл Дания менен Гренландия 4500гө жакын аялдар менен кыздарга таасирин тийгизген бул практиканы иликтөөнү макулдашты.

Либерт спиралдан жабыркаган аялдарга жардам берүү үчүн кампанияларды жүргүзөт. Ал аялдардын бири-бири менен байланышып, колдоо көрсөтүү үчүн Фейсбукта топ түзгөн.

Барган сайын аман калган аялдар башка аялдарга үлгү болуп жатышат. Көп учурда сиз коомчулук тарабынан айыпталбай турганыңызды түшүнгөндө коркуу сезими жоголот. Биз коркуу сезимин башкара алабыз.

Нажа Либерт

Эрика Лириано

Эрика Лириано, Доминикан республикасы

Какао өндүргөн ишкер

Какао менен камсыз кылуу чынжырын кайра иштеп чыгуу максатын көздөп, Эрика Лириано Доминикан республикасында экспорттук стартапты башкарат. Лириано сиңдиси Жанетт менен бирге какао өндүрүүнү, бөлүштүрүүнү адилеттүү жана туруктуу кылуу максатында INARU компаниясын негиздеген. Быйыл алардын стартаптары каржылана баштады.

Адатта, какао тармагында майда фермерлер эксплуатацияланган, бирок алардын компаниясы доминикандык өндүрүүчүлөр үчүн этикалык булактарды жана адилеттүү эмгек акыны камсыз кылат. Нью-Йоркто төрөлгөн эже-сиңдилер Доминикан Республикасындагы фермерлердин жана ишкерлердин үй-бүлөсүнөн чыккан. Алар азыр өлкө боюнча аялдар башкарган фермалар, кооперативдер жана камсыздоочулар менен иштешет.

Өзүңүздүн жолуңузду аныктоочу күч - бул бардык адамдар укуктуу боло турган нерсе. Ага аялдын өзү каалаган жашоону тандоо укугу кирет.

Эрика Лириано

Нигар Марф

Нигар Марф, Ирак

Медайым

Ирактагы Күрдистанындын башкы күйүк бөлүмүндө улуу медайым катары Нигар Марф өзүн өзү өрттөп жиберген аялдарды дарылайт. Мындай көрүнүш аймактагы жаш кыз-келиндер арасында нааразылык акциясы катары дагы эле кездешет.

Марф ооруканаларда 25 жылдай балдар күйүк бөлүмүндө жана реанимацияда иштеген. Ал өзүнүн палатасында кокустан күйүк алган бейтаптарды да дарылайт. Марф дарылаган аялдардын көбү өзүн өрттөөгө чейин психикалык жана физикалык зомбулукка кабылышкан; алардын айрымдары болгону 16 жашта эле.

Моника Мусонда

Моника Мусонда, Замбия

Бизнесвумен

Корпоративдик юрист Моника Мусонда ишкерге айланып, Замбияда жайгашкан тамак-аш кайра иштетүүчү ишкананы жана түштүк Африка аймагындагы тез кесме чыгаруучу Java Foods компаниясын негиздеген. Анын көз карашы - Замбиянын жеткиликтүү тамак-аш азыктарын өндүрүү.

Туура тамактануунун жактоочусу болгон Мусонда дагы бир нече ишкер айымдарга насаатчылык кылат жана бизнестеги аялдарга тиешелүү маселелер боюнча сөз сүйлөйт. Ал көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон жана Африканын айыл чарба жана тамак-аш системаларын чыңдоо боюнча иши үчүн таанымал.

Ифеома Озома

Ифеома Озома, АКШ

Мамлекеттик саясат жана технология боюнча адис

Pinterest компаниясында мурда иштеген Ифеома Озома "ачыкка чыгарбоо келишимин" (NDA) бузуп, мекемени гендердик жана расалык басмырлоо үчүн айыптаган. Озома катаал мамилеге кабылган кызматкерлерге күрөшүүгө жардам берүүгө даяр. Ал Калифорниядагы ар бир жумушчуга NDA'га кол койгонуна карабастан дискриминация же куугунтук жөнүндө маалыматты ачктоого мүмкүндүк берген "Унчукпа" Актынын тең демөөрчүсү болду. Озоманын айыптоолорунан кийин Pinterest жумуш ордун карап чыгып, мыйзамды колдой турганын билдирди.

Озома ошондой эле кызматкерлерге ачык айтууга жардам берүүгө жардам берген The Tech Worker Handbook ресурстардын жыйнагын түзгөн. Мындан сырткары, ал технология тармагындагы калыстык боюнча уюмдарга кеңеш берген Earthseed'ди негиздеген.

Юлия Паевская

Юлия Паевская, Украина

Парамедик

Украинанын атактуу жарандык фельдшери жана "Тайранын периштелери" ыктыярдуу медициналык топтун негиздөөчүсү жүздөгөн жарадар жарандар менен аскерлерди сактап калган. "Тайра" деген каймана ат менен белгилүү Юлия Паевская март айында жай тургундарды Мариуполдон эвакуациялап жатканда орус аскерлери тарабынан кармалган.

Ал курчоого алынган шаардагы командасынын ишин документтештирүү үчүн дене камерасын колдонуп жүргөн, ал эми кадрлар журналисттерге өткөрүлүп берилген. Үч айдан кийин эркиндикке чыккандан кийин Паевская туткунда жүргөндөгү катаал шарттар жана ырайымсыз мамиле тууралуу айтып берип, камакта болгон мезгилди "тозок" деп мүнөздөдү.

Жейн Ригби

Жейн Ригби, АКШ

Астроном жана астрофизик

НАСАнын астрофизиги, доктор Жейн Ригби галактикалардын космостук убакытта болгон эволюциясын изилдейт. Ал дүйнөдөгү эң чоң Жеймс Уэббдин космос телескобун ишке киргизген эл аралык топтун негизги окумуштууларынын бири болгон. Июль айында Уэбб тарткан биринчи толук түстүү сүрөттөр Ааламдын бүгүнкү күнгө чейин эң деталдаштырылган инфракызыл көрүнүшү болуп калды.

Ригби 100дөн ашык рецензияланган илимий макалаларды жарыялаган жана изилдөөсү үчүн бир нече сыйлыктарга ээ болгон. Ал ошондой эле STEM (Илим, Технология, Инженерия жана Математика) боюнча тең укуктуулуктун жактоочусу.

Студент кезимде мен ЛГБТК коомчулугунда үлгүлөр болушу мүмкүндүгүн билчү эмесмин. Мен бул маселеге туш болгон акыркы муундун бир бөлүгү болом деп үмүттөнөм.

Жейн Ригби

Айнура Сагын

Айнура Сагын, Кыргызстан

Инженер

Айнура Сагын - компьютер инженери, эко-феминист жана стартаптын башкы директору. Ал экологиялык көйгөйлөргө технологиялык чечимдерди сунуштап келет. Ал таштанды өндүрүүчүлөрдү - үй чарбаларынан жана жеке адамдардан баштап ресторана, завод жана курулуш аянтчаларына чейин - кайра иштетүүчүлөр менен байланыштырган Tazar колдонмосун иштеп чыккан. Колдонмонун максаты - таштанды төгүүчү жайларда топтолгон таштандылардын көлөмүн азайтуу жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү туруктуулук көйгөйүн чечүүгө багытталган.

Ал ошондой эле Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 2000ден ашуун окуучу кыздар үчүн коддоо жана STEM (илим, технология, инженерия жана математика) боюнча семинарларды өткөргөн.

Бүгүнкү күндө аялдардын лидерлиги жана климаттык өзгөрүүлөргө реакция болбосо, эртең туруктуу планета жана гендердик теңчилик болбой калышы мүмкүн.

Айнура Сагын

Моника Симпсон

Моника Симпсон, АКШ

Репродуктивдүү адилеттүүлүк активисти

Моника Симпсон - АКШнын түштүк штаттарында репродуктивдүү адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн SisterSong аттуу түстүү аялдар жамаатынын аткаруучу директору. Ал сексуалдык жана репродуктивдүү эркиндик үчүн күрөшкө басым жасайт. Бул маселе быйыл АКШнын Жогорку Соту өлкө боюнча мыйзамдуу бойдон алдырууга укук берген "Роу Уэйдге каршы иши" боюнча чечимин жокко чыгаргандан кийин кайрадан көңүл чордонуна чыкты.

Симпсон ошондой эле ырчы жана оозеки сөз артисти, ал активдүүлүгүн искусство менен бирге алып барат. Ал күбөлөндүрүлгөн "дула" жана афро-америкалык энелердин ден соолугун чыңдоо үчүн иштеген Black Mamas Matter Alliance уюмунун директорлор кеңешинин мүчөсү.

Самравит Фикру

Самравит Фикру, Эфиопия

Технологиялык ишкер

Программист Самравит Фикру 17 жашка чейин компьютер колдонбогонуна карабастан Эфиопиянын RIDE такси колдонмосун иштеп чыккан Hybrid Designs компаниясын негиздей алды.

Жеке тажрыйбасында ал жумуштан кийин таксиде өзүн кооптуу сезип, андан ашыкча акы алууну каалаган айдоочулар менен соодалашууга аргасыз болуп келген. Мындан улам ал 2000 доллардан азыраак каражат менен колдонмону иштеп чыккан. Анын ишканасында азыр кызматкерлердин көбү аялдар. Эфиопиянын технология тармагында аялдар аз жана Фикру жаш ишкер аялдардын кийинки муунун шыктандырууну каалайт.

Аялдар ээлик кылган бизнестин саны өсүүдө; азыр бизге көбүрөөк жаш кыздардын чыгармачылык идеяларын ишке ашыруу үчүн каражаттар керек.

Самравит Фикру

София Хейнонен

София Хейнонен, Аргентина

Жаратылышты коргоочу

Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого умтулган биолог София Хейнонен Түштүк Америкадагы экологиялык кризисин жоюу боюнча биринчи аракеттерди көргөн. Ал Аргентинада жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң "Эстерос-дель-Ибераны" саздак экосистемасын кайрадан курду. Ал 30 жылдан ашык убакыт коргоого алынган аймактарды түзүүгө салым кошуп келет.

Анын жетекчилиги астында Rewilding Argentina долбоору төрт негизги экорегиондо, анын ичинде Патагония талаасында, жеке жерлерди корголуучу улуттук парктарга айландыруу, экосистемаларды калыбына келтирүү жана туруктуу экотуризмди куруу үчүн жергиликтүү түрлөрдү реинтродукциялоону караган моделдин алкагында иштеп жатат.

Кимико Хирата

Кимико Хирата, Жапония

Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшкөн активист

Көмүр энергиясынын айыгышкан каршылашы Кимико Хирата өз өмүрүнүн дээрлик жарымын Жапонияны күйүүчү майларга болгон көз карандылыктан арылтуу үчүн күрөшкө арнады - алар климаттын өзгөрүшүнө эң чоң салым кошкон. Анын өнөктүгү 17 көмүр электр станциясын ишке киргизүү планын жокко чыгарууга алып келди. Ал "Голдман" экологиялык сыйлыгын алган биринчи жапон аял.

Хирата 1990-жылдары Эл Гордун "Тең салмактуулуктагы Жер" китебин окугандан кийин климат боюнча активист болуу үчүн басылмадагы жумушун таштады. Ал 2022-жылдын январында түзүлгөн, декарбонизация үчүн күрөшүп жаткан Climate Integrate көз карандысыз уюмунун аткаруучу директору.

100 айым - Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

"100 айым" деген эмне?

Би-Би-Синин "100 айым" долбоору жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 100 таасирдүү жана шыктандыруучу аялдардын ысымдарын тизмектейт. Биз алардын жашоосу тууралуу даректүү тасмаларды, сюжеттерди жана интервьюларды жаратабыз - анда аялдар негизги каарман болушат.

Би-Би-Синин "100 айым" долбооруна көз салуу үчүн Instagram, Facebook жана Twitter баракчаларына катталыңыз. #BBC100Women аркылуу баарлашууга кошулуңуз.

100 айым кантип тандалган?

Тизме Би-Би-Синин "100 айым" командасы чогулткан ысымдардын жана Би-Би-Синин дүйнө боюнча кызматтары сунуштаган аялдардын негизинде түзүлгөн. Биз акыркы 12 айдын ичинде башкы жаңылыктарды жараткан же маанилүү окуяларга таасир эткен талапкерлерди, ошондой эле айтып берүүгө шыктандырган окуялары бар, ошондой эле маанилүү бир нерсеге жетишкен, өз коомуна таасир эткен талапкерлерди издегенбиз. Андан соң ысымдардын тизмеси быйылкы жылдын темасына - акыркы он жыл ичинде ар кайсы тармактар боюнча жетишилген прогресске карата бааланды.

Биз бир аялдын прогресси экинчи аялдын регресси болушу мүмкүн болгон репродуктивдүү укуктар сыяктуу пикирди экиге бөлгөн темаларды изилдеп, өз алдынча өзгөрүү жараткан аялдарды көрсөттүк. Тизме, ошондой эле, жыйынтык чыкканга чейин аймактык өкүлчүлүк жана калыстык үчүн да өлчөнгөн

Тизмедеги айрым аялдар анонимдүү же фамилиясыз чыгышат - бул аларды жана алардын үй-бүлөлөрүн коргоо үчүн, өздөрүнүн макулдугу жана Би-Би-Синин бардык редакциялык саясаты, коопсуздук эрежелерине ылайык жасалды.